Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Ош облусуӨзгөн району 25.01.2017 17:35

Өзгөндүн Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Р.Абдуллаев шайланды

Turmush -  Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп экинчи жолу Рыспай Абдуллаев шайланды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Рахат Маматова билдирди.

Анын айтымында, шайлоо эки баскыч менен өткөн.

«Шайлоонун биринчи баскычында 5 талапкердин бирөөсү Динисбек Жунусбаев өзүнүн талапкерлигин алып салды. Асан Исаев, Медер Капаров, Улук Жээнбаев, Рыспай Абуллаев 4 талапкер ат салышты. 1-турда Рыспай Абдуллаев 6 добушка, Улук Жээнбаев 7 добушка, Асан Исаев менен Медер Капаровдор 4 добушка ээ болду. 2-турга Улук Жээнбаев менен Рыспай Абдуллаев катышып, жыйынтыгында Рыспай Абдуллаев 11 добушка ээ болду. Ал эми Улук Жээнбаев 9 добуш алса, 1 депутат каршы добуш берген», - деди ал.

Рыспай Абдуллаев буга чейин эле аталган айыл өкмөттү жетектеп келген. Кесиби боюнча юрист.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×