Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Ош облусуӨзгөн району 24.01.2017 11:14 На русском

Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчылыгына мурунку башчы кайра шайланды

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөттүнүн башчысы болуп Эржигит Пасаңов шайланды. Бул тууралуу айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Марсел Мамытов билдирди.

Анын айтымында, анын талапкерлигин шайлоого катышкан 18 депутат бир добуштан колдоп берген.

«Айыл башчылыгына Эржигит Пасаңов менен Болот Орозбаев талапкерлигин койгон. Бирок Болот Орозбаевдин документтери туура эмес болуп калгандыктан шайлоого катышпай калды. Айылдык кеңеште жалпы 21 депутат бар. Шайлоого 3 депутат катышкан жок. 18 депуттаттын баары Пасаңовду шайлашты», - деди М.Мамытов.

Эржигит Пасаңов 1 жылдан бери айыл өкмөт башчысы болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×