Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 02.01.2017 12:10 На русском

Өзгөндөгү эки кабаттуу мал чарбадан 20 баш уй тирүүлөй күйүп кетти (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Ак-Кыя айылындагы эки кабаттуу мал чарба өрттөнүп, 20 баш уй күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 2-январда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Андан тышкары, чарбанын 175 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган чатыры, 1500 түк беде, 500 түк чөп күйгөн. Адамдар жабыркаган эмес.

Айыл өкмөттүн башчысы Жылдызбек Эшимбетов кабарчыга билдиргендей, өрт түнкү саат 03:00 чамасында башталган.

«Өрт эмнеден чыкканы белгисиз. Узундугу 25 метр болгон сарай толугу менен күйүп кетти. Адам өмүрүнө коркунуч жаралган жок. Сарайда чөп жыйылгандыктан өрт бат жайылып кеткен. Бактыга жараша өрт турак үйгө жеткен жок. Өрт өчүрүүчүлөр өз убагында келип токтотушту», - деди айыл өкмөт башчы.

Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×