Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 13.12.2016 09:30

Өзгөн райондук прокуратурасы 6-7 жаштагы балдарын канжалаганча мушташтырган аталарды катуу жазага тартууну сунуштайт

Turmush -  Өзгөндө 6-7 жаштагы уулдарын канжалаганча мушташтырган эки атаны 30-ноябрда Өзгөн райондук соту эки жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Соттун бул өкүмүнө канааттанбаган Өзгөн райондук прокуратурасы Ош облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылды. Бул тууралуу райондук прокуратурадан кабарлашты.

Прокуратура аларга катуу чара көрүү зарыл деп эсептейт. Облустук сотто иш качан карала турганы азырынча белгисиз.

Окуя тууралуу:

Ушул жылы август айынын ортосунда Өзгөндөгү Кош-Коргон айылынын тургуну Н.Б. айылдашы А.Х. менен бирге өздөрүнүн уулдарынын ортосунда мушташ уюштурган. Мушташка түшкөндөрдүн бири — Т.Д. 6 жашта болсо, Х.М. — 7 жашта.

Бул мушташтын видеосу тарагандан кийин ишти Өзгөн РИИБ 8-октябрда каттоого алган.
12-октябрда Өзгөн райондук прокуратурасы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинин 2-бөлүмү («Жашы элек балдарды кылмышка тартуу»), 161-беренеси («Өспүрүмдөргө тарбия берүүдөгү милдетин аткарбоо») жана 234-берененин 2-бөлүмү («Бейбаштык») боюнча кылмыш ишин козгогон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×