Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 30.11.2016 09:54

Өзгөндө 6-7 жаштагы балдарын мушташтырган аталар үй камагына чыкты

Turmush -  Өзгөндө 6-7 жаштагы уулдарын канжалаганча мушташтырган аталар үй камагына чыгарылып, иш сотко өткөн. Учурда бул иш Өзгөн райондук сотунда каралууда. Бул тууралуу Өзгөн райондук прокуратурасынан кабарлашты.

Окуя тууралуу:

Окуя коомчулукта талкууга алынып, факты боюнча Өзгөн райондук прокуратурасы менен Өзгөн РИИБ ыкчам иликтөө иштерин жүргүзгөн.  
Маалым болгондой, ушул жылы август айынын ортосунда Өзгөндөгү Кош-Коргон айылынын тургуну Н.Б. айылдашы А.Х. менен бирге өздөрүнүн уулдарынын ортосунда мушташ уюштурган. Мушташка түшкөндөрдүн бири — Т.Д. 6 жашта болсо, Х.М. — 7 жашта.

Бул мушташтын видеосу тарагандан кийин ишти Өзгөн РИИБ 8-октябрда каттоого алган.
12-октябрда Өзгөн райондук прокуратурасы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинин 2-бөлүмү («Жашы элек балдарды кылмышка тартуу»), 161-беренеси («Өспүрүмдөргө тарбия берүүдөгү милдетин аткарбоо») жана 234-берененин 2-бөлүмү («Бейбаштык») боюнча кылмыш ишин козгогон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×