Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 14.10.2016 15:45

Өзгөндө 6-7 жаштагы уулдарын канжалаганча мушташтырган аталар 2 айга камакта калды (видео)

Turmush -  6-7 жаштагы уулдарын канжалаганча мушташтырган аталар 12-октябрда Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бүгүн, 14-октябрда алардын баш коргоо чарасы Өзгөн райондук сотунда каралып, 2 айга камакта калтырылды. Бул тууралуу Өзгөн райондук прокуратурасынан кабарлашты.

Окуя тууралуу:
Turmush басылмасына прокуратурадан маалымдалгандай, аталган факты боюнча Өзгөн райондук прокуратурасы менен Өзгөн РИИБ ыкчам иликтөө иштерин жүргүзгөн.

Маалым болгондой, ушул жылы август айынын ортосунда Өзгөндөгү Кош-Коргон айылынын тургуну Н.Б. айылдашы А.Х. менен бирге өздөрүнүн уулдарынын ортосунда мушташ уюштурган. Мушташка түшкөндөрдүн бири — Т.Д. 6 жашта болсо, Х.М. — 7 жашта.

1
Бул мушташтын видеосу тарагандан кийин ишти Өзгөн РИИБ 8-октябрда каттоого алган.
12-октябрда Өзгөн райондук прокуратурасы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинин 2-бөлүмү («Жашы элек балдарды кылмышка тартуу»), 161-беренеси («Өспүрүмдөргө тарбия берүүдөгү милдетин аткарбоо») жана 234-берененин 2-бөлүмү («Бейбаштык») боюнча кылмыш ишин козгоду. Топтолгон материалдар тергөө иштерин улантуу үчүн Өзгөн РИИБдин тергөө бөлүмүнө берилди. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Ошондой эле, Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан Өзгөн райондук сотуна аталган видеотасманы социалдык тармактар менен интернет-порталдардан алуу, мындан ары жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтууга тыюу салуу тууралуу доо келтирилди. Анда айтылгандай, аталган видео жаш жана өспүрүм балдар арасында зордук-зомбулукту үгүттөйт. Учурда доо райондук соттун кароосунда турат.

Буга чейин 5-6 жаштагы балдардын канга боёлгон мушташы тууралуу тасма «Репортер-АКИпресске» жарыяланган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×