Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 13.10.2016 12:35

Өзгөндө 17 жаштагы кызды бычактап өлтүргөндөргө облустук сот өкүмдү өзгөрткөн жок (фото)

Turmush -  Өзгөн районунда 17 жаштагы кыздын өзүнүн бөлмөсүндө түн ичинде бычакталып өлтүрүлүшү боюнча кармалгандарга чыгарылган Өзгөн райондук сотунун өкүмү күчүндө калтырылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.  

Соттолуучулар облустук сотко жазган аппеляциялык арызын кайтарып алышкан.

Өзгөн райондук соту 10-августта кылмышка шектүү М.М.ны өмүр бою эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялады. Ошондой эле, ага жардам берди деп кармалган шериги М.Олимжанды 20 жылга эркинен ажыраткан.

Өлтүрүлгөн кыз

1

Окуя тууралуу:

Ушул жылы 7-март күнү саат 06:05 чамасында Өзгөн РИИБге Дөң-Булак айылындагы үйдөн 18-20 жаштардагы кыздын мууздалган денеси табылгандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ табылган дене Өзгөн районунун жашоочусу Т. кызы М. экендигин аныктаган.

Өлтүрүлгөн кыз менен кылмышкердин бири жакында эле үйлөнгөн кыз — эже-сиңдилердин балдары (бөлө) болуп чыкты. Шектүүлөрдүн экинчиси кызга кол салуу үчүн досуна жардам берген. Шектүү өлтүрүлгөн кыз анын жаңы үйлөнгөн аялынын кыз белгиси жок чыкты деген ушак тараткандыгы үчүн ушундай жолго барганын айткан.

ИИМдин Ош шаары менен Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, ыкчам иликтөөлөр менен бул окуяга шектүү 2 жигит кармалган. Алар Өзгөн шаарынын тургундары — 1994-жылы туулган тургуну Р. уулу А. жана 1992-жылы туулган тургуну М. уулу М.

Айыпкер

2

Кылмышкерге жардам берген досу

3
Тергөө учурунда белгилүү болгондой, ошол күнү саат 02:00 чамасында М. уулу М. менен Р. уулу А. кыздын бөлмөсүнө терезе аркылуу кирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×