Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 12.10.2016 13:59

Фото - Өзгөндө 2 унаа сүзүшүп, айдоочунун бири жүргүнчүсү менен каза болду

Turmush -  Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Ана-Кызыл айылында эки унаа сүзүшүп, анын кесепетинен 2 адам каза болду. Ошондой эле, жаракат алгандар бар.

Бишкек—Ош унаа жолунун 590-чакырымында «ДЭУ Нексия» (мамлекеттик номуру D 10-03 Е) жана «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү унаалар бүгүн, 12-октябрда саат 06:49да сүзүшкөн.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, «ДЭУ Нексия» үлгүсүндөгү унаада 4 адам болгон:

1. Айдоочусу ооруканадан каза болду. Аты-жөнү жана жашы такталууда;

2. Жүргүнчүлөрү — окуя болгон жерде каза болгон эркек адамдын аты-жөнү такталып жатат;

3. 1969-жылы туулган Ү.Турсунбаев жеңил жаракат менен Өзгөн райондук ооруканасына жеткирилген;

4. 1981-жылы туулган Р.Дадабаев жеңил жаракат менен Өзгөн райондук ооруканасына жеткирилген.  

«Хонда Стрим» үлгүсүндөгү унаада 3 адам болгон:

1. Айдоочу — 1985-жылы туулган М.Кадырова унаасына кыпчылып калган жеринен чыгарылып, Өзгөн райондук ооруканасына жеткирилди;

2. Жүргүнчүлөрү — 1975-жылы туулган С.Кадырова жеңил жаракат алып, Өзгөн райондук ооруканасына жеткирилди;

3. 1999-жылы туулган Б.Кочкорбаева Бегимай оор абалда. Учурда Өзгөн райондук ооруканасында дарыгерлер карап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×