Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 25.09.2016 11:19

Өзгөндөгү авариядан 3 адам каза болду

Turmush -  Өзгөн районундагы жол транспорт кырсыгынан 3 адам каза болуп, төртөө жаракат алды. ӨКМ маалымдагандай, авария 23-сентябрда саат 07:47 чамасында Төрт-Күл айыл өкмөтүнө караштуу Ана-Кызыл айылынын аймагында болду.

Бишкек—Ош унаа жолунун 596-чакырымында «Форд Фокус» (мамлекеттик номуру О 7258 АС) унаасы менен «Хонда Фит» (мамлекеттик номуру D 0071 АВ) сүзүшкөн.

Окуя болгон жерден каза болгон жарандардын денесин унаадан куткаруучулар чыгарды. Жабырлануучулар ооруканага жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×