Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуӨзгөн району 05.09.2016 15:41

Айыл турмушу: Өзгөндүк чебер жиптен балдардын түрдүү кийимдерин токуп, киреше табат (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Чангет айылынын тургуну Динара Алынбаева 9 жылдан бери жиптен балдардын түрдүү кийимдерин токуп, киреше табат.

Д.Алынбаева Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал 2007-жылы унаа кырсыктан улам, баспай калган. Ошол убакыттан бери токуучулуктун сырын өздөштүрүп келет.

«Мен 9 жыл мурун, унаа кырсыкка учурап, ошондон бери баса албай калдым. Жаштайыман чоң энемден, тигүүчүлүктүн сырын үйрөнгөм. Жүндөн килем сокчумун. 2007-жылы курбу кызыман токуучулукту үйрөндүм. 2012-жылы Бишкекке келип, үйдөн жаш балдардын кийимин токуп, сатып киреше таба баштадым», - деди ал.

Чебер айым жиптерди өзү базардан алып келет.

«Кардарлардын табити ар кандай болот. Ошондон улам, базарга өзүм барып жиптерди тандап алам. Кардарларыма кийимдерди көңүлүндөгүдөй жасап берүүгө аракет кылам», - дейт чебер.

Д.Алынбаева жасаган буюмдарын тааныштары көп алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×