Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 05.09.2016 13:03

Өзгөндө жаңы төрөлгөн ымыркайын көчөгө таштап кеткен эне изделүүдө

Turmush -  Өзгөн районунда 3 күндүк ымыркайын көчөгө таштап кеткен энени издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

«3-сентябрда кечинде Өзгөн районунда көчөдөн 3 күндүк ымыркай табылган. Учурда ымыркай Мырзаке айылындагы аймактык оорукананын төрөт бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалы жакшы. Ымыркайын таштаган эне изделүүдө», - деди Ж.Ашырбаев.

Ымыркай эркек бала.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×