Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 12.08.2016 13:14

Өзгөндөгү жайытта атайын өстүрүлгөн 158 түп кара куурай табылды

Turmush -  «Кара куурай» операциясынын жүрүшүндө Өзгөн районунун Заргер айылынын Карышкыр-Туучу жайытында кара куурай өсүмдүгү табылды. Айылдагы М.Б. аттуу тургунга таандык жерде атайын өстүрүлүп жаткан 158 түп кара куурайдын салмагы 227 кг болду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, деп маалымдайт Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.

Мындай аракеттер үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 250-беренеси (Баңгизаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) менен жоопкерчиликке тартуу каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×