Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуӨзгөн району 04.08.2016 17:49

Айыл турмушу: Белгилүү улакчылардын үй-бүлөсүнөн чыккан Р.Ниязов тойлордун көркүн жасалгалуу арабасы менен ачат (фото)

Turmush -  Өзгөн районундагы белгилүү улакчылардын үй-бүлөсүнөн чыккан Раимберди Ниязов 4 жылдан бери жасалгалуу ат арабасы менен тойлордо кызмат көрсөтөт. Ат арабаны Бишкектен немис улутундагы усталарга жасатып келген.

Улакчы пенсияга чыккандан кийин бул иш менен алектене баштаганын аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

«Биздин үй-бүлөдө эркек балдардын баары улак тартышка түшөт. Улакчылык аталарыбыздан өтүп келген. Мен да жаш кезимден тартып улак тартып, анын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп чоңойгом. Командабыз өлкөдөгү бир катар мелдештердин байгелүү орундарын ээледи. Убакыттын өтүшү менен улакчылыкты токтотуп, жаштарга кезек бердим. Азыр инилерим улак тартышка түшөт», - деди ал.

Раимберди мырзага иниси 4 жыл мурун ат араба жасатып берген.

«Бул жасалгалуу ат араба менен тойлорго чыгам. Жаш түгөйлөр кызыгып, буюртма берип турушат. Мындан сырткары, райондогу чоң иш-чараларда ушул ат арабаны алып барууну суранышат. Бишкекте иштеген бир тууган иним бул арабаны немис улутундагы усталарга жасатып берген», - деди Р.Ниязов.

Ошондой эле, ал Өзгөнгө атайын «Раим» атындагы эс алуу жайын уюштурган. Анда, келген коноктор ат менен сейилдеп, сүрөткө түшүп, эс алып кетишет.

49 жаштагы Раимберди Ниязов 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×