Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 20.06.2016 11:38

Өзгөндөгү таштанды талаадан табылган 28 жаштагы жаран издөөдө жүргөн, - Ош ОИИБ

Turmush -  Өзгөн районундагы Кош-Коргон айылынын аймагындагы таштанды таштоочу жайдан жансыз денеси табылган жарандын өздүгү аныкталды. Ош облустук милициясынан кабарлангандай, 1988-жылы туулган М.И. буга чейин дайынсыз жоголуп, изделип жаткан.

Анын өлүгү таштандылардын арасында бир айга жакын жаткандыгы жана таштанды таштоочу жайдагы жардан кулап каза болгондугу айтылууда. Ал психикалык жактан жабыркап жүргөн.

ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн, 20-июнда билдиргендей, куткаруучулар сөөктү алып чыгып, тиешелүү экспертизага тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×