Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 17.06.2016 18:42

Фото, видео - Сыналгыга байланышкан чырдан улам Оштун тургуну өз атасына 29 жолу бычак сайып өлтүрдү

Turmush -  Кечээ, 16-июнда саат 16:30 чамасында Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ош шаарынын Туран кичи шаарчасында адам өлтүрүлгөнү тууралуу жергиликтүү жашоочулардан маалымат берилген.

Ворошилов көчөсүндөгү №2 үйгө барган тергөө тобу үй ээси — 1939-жылы туулган Жахар Уразалиевдин киши колдуу болуп өлгөн денесин табышкан. Анын денесинде 29 жолу сайылган бычактын издери болгон, деп билдирди ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Бул факты боюнча ыкчам иликтөөлөр жүргүзүлүп, шектүү жаран бүгүн, 17-июнда Ош шаарынан чыгып кетүү аракетин көрүп жаткан жеринен кармалды. Шектүү — маркумдун 1977-жылы туулган уулу Шавкат Уразалиев болуп чыкты. Ал эч жерде иштебейт, үй-бүлөсү жок.

Б 1

Ал алгачкы эле суракта өз атасын ачуусу менен өлтүрүп алгандыгын, денесине бир нече ирет бычак сайганын мойнуна алды. Ал эми, атасын бычактоого сыналгыга байланышкан талаш себеп болгонун айтты. Анын айтымында, атасы экөө эки башка каналдагы берүүлөрдү көрүүнү каалап, андан улам чыр чыккан.

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси менен Шавкат Уразалиевдин үстүнөн кылмыш иши козголуп, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөөлөр уланууда.

Тергөө учурундагы видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×