Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 15.06.2016 10:59

Өзгөндө 2 унаа сүзүшүп, айдоочунун бири каза болду

Turmush -  Ош облусундагы Өзгөн районунун Мырзаке айыл өкмөтүндө «Портер» (мамлекеттик номуру О 87-30 АL) үлгүсүндөгү унаа менен «Митсубиси» (мамлекеттик номуру О 25-66 М) үлгүсүндөгү унаа сүзүштү.

Анын кесепетинен «Портердин» айдоочусу – 1989-жылы туулган А.Кокозов жеңил жаракат алган. Куткаруучулар унаага кыпчылып калган 1989-жылы туулган А.Абдиев менен А.Карзыматовду (буттары сынган) алып чыгып, Өзгөн райондук ооруканага жеткирилди.

Авариянын кесепетинен экинчи унаанын айдоочусу – 1989-жылы туулган Куштарбек Мырзакулов каза болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×