Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 14.06.2016 18:22

Өзгөндө 7 жаштагы баланы сүзүп өлтүргөн айдоочу качып бараткан жеринен кармалды

Turmush -  Өзгөндүн Ийри-Суу айылында «Дэу Тико» унаасы 2 баланы сүзүп, бири каза болду. Бул тууралуу Өзгөн райондук милициясы маалымдады.

Маалым болгондой, айдоочу качып бараткан жеринен кармалды. Окуя 12-июнда саат 13:00 чамасында Ийри-Суу айылында болгон.

Жабырлануучуларга жардам көрсөтпөстөн кырсык болгон жерден качып кеткен 33 жаштагы айдоочу убактылуу камакка алуучу жайга киргизилди. Каза болгон бала 7 жашта экени айтылууда. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×