Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Ош облусуӨзгөн району 06.06.2016 18:22

ИИМ каттоого алган Э.Пасановго айыл өкмөт башчысынын күбөлүгү берилди

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган Эржигит Пасановго Өзгөн райондук аймактык шайлоо комиссиясы күбөлүк тапшырды.

Айыл өкмөт башчысын шайлоо 25-майда өтүп, жергиликтүү кеңештеги 21 депутаттын ичинен 15и Э.Пасановдун талапкерлигин колдогон.

Шайлоонун алдында Эржигит Пасанов кримтөбөлдөр менен катышы бар экенин айылдык кеңештин депутаты айтып чыкты. Бирок, талапкер ага карата айтылгандардын баарын доомат деп атоодо.

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин атын атагысы келбеген депутаты айыл өкмөт башчыны шайлоого карата коркутуулар болгонун айтты.

«Эржигит Пасанов криминалдашкан адам. Ал милициянын каттоосунда турат. Ал өзүнүн чоң муштумдугуна салып, айылдык кеңештин айрым депутаттарын коркутуп жатыптыр. Мени дагы коркутту», - деди айылдык кеңешинин депутаты.

Ал эми Эржигит Пасанов бул айыптарды каралоо катары сыпаттоодо. Ал буга чейин спорт тармагында жүрүп, кийин кримдүйнөнүн адамдары менен сүрөткө гана бирге түшкөнүн айтты.

Ж 1

Сүрөт интернеттен

«Мен "каралардын" ким экенин, алар жөнүндө маалымат билбейм. Депутаттарды коркутту дегенди биринчи силерден угуп жатам. Эч кимди коркутпай, мажбурлабай эле талапкерлигимди көрсөттүм. Жаш кезимден бери спорт менен жүрүп, атым таанылган. Ошондон улам криминалда жүрдү деп ойлоп калышы мүмкүн. Бирок спорт менен гана машыгып, түз жолдо жүргөндөр бар.

ИИМ криминалга аралашкан деп каттоого алганын уккам. Бирок, жаман ишке аралашкан эмесмин. Айланамда жаман адамдар жок.

Мага атайын тоскоолдук кылып жаткандар бар. Мен колумдан келишинче элге жардам берип келе жатам. Бирок, айрым адамдар ага көрө албастык кылып, ар кандай каралоолорду уюштуруп жатат. Ысык-Көлдө тааныбаган адамдар менен капыстан эле сүрөткө түшкөм. Ички иштер министрлиги ошол сүрөттүн негизинде каттоого алган. Кийин ИИМге барып, сүрөттөгүлөрдү тааныбай тургандыгымды айтып арыз жазгам», - деди Э.Пасанов.

Мурдагы ички иштер министри Абдылда Суранчиев криминалга тиешеси бар жергиликтүү бийликтеги 200гө чукул кызматкердин тизмесин чыгарган. Ошолордун катарында жергиликтүү депутат катары Эржигит Пасановдун дагы аты көрсөтүлгөн.

ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча түштүктөгү башчысы Малик Нурдинов Эржигит Пасанов каттоого алынып, көзөмөлдө турганын айтты.

«Эржигит Пасанов 2012-жылы криминал менен байланышы бар деп каттоого алынган. Ал ошондон бери көзөмөлдө турган.

Пасанов кылмыштуу топтун мүчөсү менен сүрөткө түшүп, ошондон улам каттоого алынып калган», - деди М.Нурдинов.

Бирок, Эржигит Пасановду тааныгандар ага карата атайын каралоо уюштуруп жаткандар көп экенин айтууда.

Эски-Покровка айылынын тургуну Кенжебай Узакбаев айыл өкмөттүн мурунку жетекчилиги бул ишти атайын уюштуруп жатат деген пикирде.

«Ушул убакытка чейин бир дагы айыл өкмөт эл үчүн иштеген жок. Айыл өкмөт башчылыгына талапкерлигин көрсөтүп жаткан Эржигит Пасановго ар кандай каралоолор болуп жатат. Ал эл үчүн иштеген бала. Биз анын айыл өкмөт башчысы болушун каалайбыз. Эл үчүн иштей турган адам келиши керек», - дейт айыл тургуну.

Маалымат:

Пасанов Эржигит Жетимишович 1983-жылы туулган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта бош орунга жарыяланган сынакка катышуу үчүн документтерин тапшырган.

Э.Пасанов Өзгөндөгү Куршаб айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×