Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 03.06.2016 11:09

Өзгөндө өз уулун атып өлтүргөн жаранга өкүм чыкты (фото)

Turmush -  2015-жылдын 30-ноябрында Өзгөн районунун Зергер айыл аймагынын Жаңы-Айыл айылында 47 жаштагы тургун уулун атып өлтүрүп, эки небересин жарадар кылганы маалымдалган. Ага үй-бүлөлүк чыр себеп болгон.

Укук коргоо органдары билдиргендей, өз уулун атып өлтүргөн жаранды Өзгөн райондук соту 15 жылга эркинен ажыратты.

Алынган маалыматтар боюнча, буга чейин ата-энеси өз ара араздашып, апасын 28 жаштагы уулу Россияга кетирген.

Буга чейин ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы Turmush басылмасына билдиргендей, 47 жаштагы К.А. өзүнүн үйүндө 28 жаштагы уулу К.Ж менен уруша кеткен. Андан улам атасы уулун ИЖ-16 калибрлүү ок атуучу курал менен унаага отуруп жаткан жеринен аткан. Атылган октон (чачма) алган жаракаттан К.Ж. окуя болгон жерде каза болгон. Анын 5 жаштагы уулу менен 2 жаштагы кызы денесинен жаракат алган. Каза болгон К.Ж. өлүк сактоочу жайга жеткирилип, жаракат алган балдарга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Бул кылмышка шектүү катары А.К. кармалып, КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесиндеги (Адам өлтүрүү) кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

А 2

А 3

А 6

Сүрөттөр окуя болгон дерден тартылган. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×