Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 30.05.2016 13:10

Өзгөндө балдызынын 2 жашка толо элек кызын өлтүргөн жаран 9 жылга кесилди (фото)

Turmush -  Өзгөндө балдызынын эки жашка толо элек кызын сабап өлтүргөн жаран 9 жылга эркинен ажыратылды.

2015-жылдын 26-октябрында Өзгөн районунун 38 жаштагы тургуну балдызынын 2 жашка толо элек кызын сабап өлтүргөндүгү маалымдалган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынган. Өзгөн райондук соту шектүүнү 9 жылга эркинен ажыратканы маалым болду.

Буга чейин жабырлануучу тарап тосмо арыз жазып бергендиги белгилүү болгон. Маалыматтарга ылайык, айыпкер учурда Ош шаарындагы абакта кармалууда.

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 2 жаштагы кыз ооруканада өзүнө келбей каза болгон.

«Өзгөн районунун тургуну М.А. өзүнүн балдызынын кызын башына уруп өлтүргөн. 2 жашка толо элек Асия ооруканада жандандыруу бөлүмүндө 2 күн жатып каза болгон. Сабалып өлтүрүлгөн кыздын денесинде ар кандай тактар калган», - деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү катары кармалган жаран алгачкы тергөө учурунда 2 жаштагы кызды төшөккө заара кылгандыгы үчүн сабаганын айткан. Кийинчерээк тергөөчүлөр ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренеси менен кошумча кылмыш ишин козгогон.

Асия

В 2

Асиянын атасы Медербек

В 1

Шектүү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×