Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 18.05.2016 16:39

Өзгөндүк айдоочунун унаасын түн ичинде тоскон кылмышкерлер 13 миң сомун тоноп кетти

Turmush -  Өзгөн районунун 1964-жылы туулган тургуну М.А. белгисиз адамдар унаасын токтотуп, акчасын тартып алганын билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөөнүн негизинде Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1995-жылы туулган жергиликтүү тургун Э. уулу А. шектүү катары кармалды.

ИИМдин Ош шаары менен Ош облусундагы башкы башкармалыгы билдиргендей, кечээ, 17-майда түн ичинде М.А. өзүнүн «Хонда-Степвагон» үлгүсүндөгү автоунаасын башкарып бара жаткан учурда «Тойота-Аллион» үлгүсүндөгү унаа тосуп чыкканы иликтөө иштери менен белгилүү болду. Анын ичинен 20-25 жаштар чамасындагы 3 бала түшүп, күч колдонуу менен 13 миң сом акчасын тартып алып, качып кетишкен.

Шектүү катары кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, башка катышуучуларды издөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×