Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 17.05.2016 10:16

Өзгөндөгү аскер комиссариатынын бөлүм башчысы иш бөлмөсүндө пара алып жатканда кармалды

Turmush -  Өзгөн шаарынын 1971-жылы туулган тургуну М.Х. Өзгөн райондук аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылып жатканын билдирген. Анын айтымында, кызматкер андан 1998-жылы туулган уулун альтернативдик аскердик кызматка калтыруу үчүн 6 миң сом пара талап кылган.

ИИМдин Ош шаары менен Ош облусундагы башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде Ош ОИИБдин 5-бөлүмүнүн жана облустук прокуратуранын кызматкерлери тарабынан кызматтык бөлмөсүндө 5 миң сом пара алып жаткан жеринен Өзгөн райондук бириккен аскер комиссариатынын бөлүм башчысы — 1964-жылы туулган Б.Ж. кармалды.

Учурда облустук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×