Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 10.05.2016 08:02

Өзгөндүк аткаминер 3 жылдан бери майып жарандын пенсиясын алып жүргөн

Turmush -  Өзгөн райондук прокуратурасы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарынын корголушу жөнүндөгү мыйзамдын аткарылышын текшерди. Райондук прокуратуранын маалыматына ылайык, Өзгөн шаардык социалдык башкармалык тарабынан 1976-жылы туулган А.Ш. аттуу жаранга 1994-жылдан бери бала кезинен берки майыптыгына байланыштуу өмүр боюу берилүүчү жөлөк пул чегерилген. Аны төлөө милдети «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Өзгөн райондук филиалына милдеттендирилген.

«Бирок аталган филиалдын “Өзгөрүш” байланыш бөлүмүнүн башчысы А.Ш.нын туугандарына паспорттун жарактуу мөөнөтү бүткөндөн кийин пенсия берилбей тургандыгы тууралуу жалган маалымат берүү менен кызмат абалынан пайдаланган. Ал майып жаранга ай сайын берилүүчү 2500 сом өлчөмүндөгү жөлөк пулду 2013-жылдын март айынан баштап 2016-жылдын март айына чейин алып жүргөн. Жалпысынан А.Ш.нын 90 миң сом өлчөмүндөгү жөлөк пулун ээлеп алган», - деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факты боюнча Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан ушл жылдын 20-апрелинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесиндеги 4-бөлүмдүн 2-пункту менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×