Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 08.05.2016 10:07

Өзгөндүн тургуну айылдашынын жайытта оттоп жүргөн уюн уурдап кеткен

Turmush -  Өзгөн районунун тургуну К.Б. Орто-Жүрөк жайытынан 1 баш уюн белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин айтып, милицияга кайрылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Өзгөн РИИБдин кызматкерлери кылмыша шектүү катары жергиликтүү тургун — 1983-жылы туулган Т.Н. аттуу жаранды кармады.

ИИМдин Ош шаары менен Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы билдиргендей, ал 6-майда Орто-Жүрөк жайытында оттоп жүргөн 1 баш уйду уурдап, 35 миң сомдук материалдык зыян келтирген.

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×