Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуӨзгөн району 07.05.2016 09:13

Ош облусундагы сот кызматкерлери волейбол боюнча мелдешти

Turmush -  Өзгөн районунда сот кызматкерлеринин арасында волейбол боюнча мелдеш өтүп, Кара-Суу районунун сот кызматкерлери жеңишке жетишти. Бул тууралуу Өзгөн райондук дене тарбия жана спорт комитетинин инструктору Калдар Эркинов билдирди.

Анын айтымында, бул мелдеш Тарых жана маданият жылына карата уюштурулду.

«Өзгөн районунун соту Өмүрбек Сарыбаев демилге көтөрүп, Ош облусундагы сот кызматкерлеринин арасында волейбол оюнун уюштурду. Ага жалпысынан 5 команда катышты. Ал эми Чоң-Алай, Алай райондорундагы сот кызматкерлери кызматкерлер жетишсиздигинен улам катышкан жок.

Жыйынтыгында 1-орунду Кара-Суу району, 2-орунду Өзгөн району, 3-орунду Араван району ээледи», - деди К.Эркинов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×