Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуӨзгөн району 05.05.2016 16:02

Өзгөндө 14 жылдан бери салтка айланган спорттук мелдештер өттү

Turmush -  Өзгөн районунда «Дени сак улут — өнүгүп жаткан өлкө» деген ураан менен спорттун 6 түрү боюнча мелдештер өткөрүлдү. Райондук дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Калдар Эркинов аймактык кабарчыга маалымдагандай, бул мелдеш 14 жылдан бери «Зулпукар Ормоновдун» аты менен өткөрүлүп келет.

Спорттун волейбол, футбол, тогуз коргоол, шахмат, ордо, кол күрөш түрлөрү боюнча мелдештерге райондогу 18 айыл өкмөттүн жаштары катышып, өздөрүнүн мыкты спортчу экенин далилдешти. Волейбол боюнча 18 команда, футбол боюнча 12 команда, ордо боюнча 16 команда, шахмат боюнча 42 катышуучу, тогуз коргоол боюнча 36 катышуучу күч сынашты.

Мелдешке ар бир айыл өкмөттөн 5 миң сомдон бөлүнүп, Зулпукар Ормоновдун үй-бүлөсү демөөрчү катары колдоо көрсөттү.

Мелдеш айыл жаштарын спортко тартуу максатында уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×