Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуӨзгөн району 02.05.2016 12:06

Өзгөндө кикбоксинг жана эрежесиз эр уруш боюнча мелдеш өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Өзгөн шаарында кечээ, 1-майда өткөн кикбоксинг жана эрежесиз эр уруш боюнча мелдеште Кыргызстан менен Өзбекстандын спортчулары биринчиликти камсыздады. Бул тууралуу Өзгөн шаардык спорт клубунун жетекчиси Азиз Мавлянов билдирди.

Анын айтымында, аталган мелдеш был сайын өткөрүлүп келет. Быйыл мушкерлердин 4-жолку беттеши өткөрүлдү.

«4 салмактык категория менен өткөн мелдеште өзбекстандык спортчулар менен кыргыз спортчулары 1-орунду камсыздады. Мелдешке Тажикстандан да спортчулар келген. Мындан сырткары, Өзгөн шаардык жаш өспүрүмдөрдү дене тарбияга даярдоо клубунун спортчулары машыгууларды көрсөтүштү», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×