Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуӨзгөн району 30.04.2016 15:43

Бүгүн Өзгөндө кыргыз, өзбек, тажик мушкерлери беттешет (фото)

Turmush -  Бүгүн, 30-апрелде Өзгөн шаарында кикбоксинг жана эр уруш боюнча турнир өтөт. Ага Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринен мушкерлер келишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Өзгөн шаардык спорт клубунун жетекчиси Азиз Мавлянов билдирди.

Анын айтымында, коңшу мамлекеттен келген спортчуларды шаар мэри Саипжон Пратов, шаардык кеңештин депутаттары, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы тосуп алып, конференция өткөрдү. Конференцияда спортчуларга ийгилик каалап, жылуу сөздөрүн айтышты.

Аталган мелдеш 5 салмак категорияда өтөт. Бул мелдеш 4 жылдан бери жыл сайын «Як-Лотос» спорт клубу тарабынан уюштурулуп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×