Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Ош облусуӨзгөн району 28.04.2016 14:28

Жаныбек казынын Пакистандагы урпактары Өзгөнгө келди (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын актерлору Өзгөндөн чыккан Жаныбек казы жөнүндө жазылган Эрнис Турсуновдун «Жаныбек казы» тарыхый драмасын көрсөтүп жатат. Бул тууралуу аталган театрдын адабий бөлүмүнүн башчысы Айгерим Дүйшө кызы билдирди.

Анын айтымында, аталган драмадагы башкы каармандын образын КРнын эмгек сиңирген артисти Бакыт Жумалиев аткарган.

«Жаныбек казы Совет өкмөтүнө ак кызмат кылганы менен чыккынчылардын айынан жер которуп Кытайга, андан ары Пакистанга кетүүгө мажбур болгон. Спектаклди көрүүгө Пакистандан Жаныбек казынын неберелери келишти. Ошондой эле окуучулар да күбө болушту», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×