Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 21.04.2016 09:51

Өзгөн шаарынын катуу жаандан кийин суу каптаган көчөлөрү (фото)

Turmush -  Кечээ, 20-апрелде эртең менен Өзгөн шаарында катуу жааган жамгырдан улам көчөлөрдү суу каптады. Жамгырдын кесепеттерин изилдөө максатында шаар мэри Саипжон Пратов менен вице-мэр Р.Атаджанов мониторинг жүргүзүштү.

Мэрия маалымдагандай, шаардын суу каптаган Садовая көчөсүндөгү арыктар кеңейтилип, атайын техниканын жардамында арыктар тереңдетилип казылды. Ошондой эле Садовая көчөсүндөгү суу А.Гапаров көчөсүн кесип өткөн чоң арыкка кошулуп, жол тазаланды.

Катуу жамгырдан кийин каптаган суудан жергиликтүү тургундар жабыр тарткан жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×