Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 13.04.2016 10:16

Өзгөндөгү турак жайга чагылган түштү

Turmush -  Бүгүн, 13-апрелде саат 05:55 чамасында Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Эркин-Тоо айылынын тургуну Жээнали Жамантаев жашаган турак жайга чагылган түштү. Анын айтымында, чагылгандын кесепетинен мончонун шиферлери, турак жайдын терезеси сынып, муздаткыч жараксыз абалга келген, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Окуяны жеринен тактоо үчүн ӨКМдин Өзгөн райондук бөлүмүнүн башчысы, улук лейтенант Нурлан Кулмаматов окуя болгон жерге жөнөп кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×