Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 13.04.2016 09:42

Өзгөндө жездеси сабап өлтүргөн эки жашка толо элек кыздын ата-энеси тосмо арыз жазды, - жактоочу (фото)

Turmush -  2015-жылдын 26-октябрында Өзгөн районунун 38 жаштагы тургуну балдызынын 2 жашка толо элек кызын сабап өлтүргөндүгү маалымдалган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынган.

Жабырлануучу тараптын жактоочусу Талант Култаевдин айтымында, ишти Өзгөн райондук сотунда жаңы дайындалган судья Улан Шаматов кечээ, 12-апрелде карап, жарыш сөздөр болду.

«Жарыш сөздөр болуп, күбөлөр суралып бүттү. Жабырлануучу тарап менен шектүү өз ара бир пикирге келди. Жабырлануучулар тосмо арыз жазып беришти. Бирок өкүмдү сот чыгарат. Кийинки отурумда сот өкүм чыгарып, ага жеңилдетилген жаза колдонушу мүмкүн. Биз өтүнүч келтирдик. Кийинки соттук отурумга барбайбыз. Ага мыйзам чегинде чара колдонулат», - деди жабырлануучу тараптын жактоочусу.

Маалыматтарга ылайык, шектүү учурда Ош шаарындагы абакта кармалууда.

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 2 жаштагы кыз ооруканада өзүнө келбей каза болгон.

«Өзгөн районунун тургуну М.А. өзүнүн балдызынын кызын башына уруп өлтүргөн. 2 жашка толо элек Асия ооруканада жандандыруу бөлүмүндө 2 күн жатып каза болгон. Сабалып өлтүрүлгөн кыздын денесинде ар кандай тактар калган», - деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү катары кармалган жаран алгачкы тергөө учурунда 2 жаштагы кызды төшөккө заара кылгандыгы үчүн сабаганын айткан. Кийинчерээк тергөөчүлөр ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренеси менен кошумча кылмыш ишин козгогон.

Асия

В 2

Асиянын атасы Медербек

В 1

Шектүү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×