Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 12.04.2016 10:00

Бүгүн Өзгөн райондук соту балдызынын кызын сабап өлтүргөн шектүүнүн ишин карайт

Turmush -  2015-жылдын 26-октябрында Өзгөн районунун 38 жаштагы тургуну балдызынын 2 жашка толо элек кызын сабап өлтүргөндүгү маалымдалган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынган.

Жабырлануучу тараптын жактоочусу Талант Култаевдин айтымында, ишти Өзгөн райондук сотунда жаңы дайындалган судья Улан Шаматов бүгүн, 12-апрелде саат 15:00дө карайт.

Маалыматтарга ылайык, шектүү учурда Ош шаарындагы абакта кармалууда.

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 2 жаштагы кыз ооруканада өзүнө келбей каза болгон.

«Өзгөн районунун тургуну М.А. өзүнүн балдызынын кызын башына уруп өлтүргөн. 2 жашка толо элек Асия ооруканада жандандыруу бөлүмүндө 2 күн жатып каза болгон. Сабалып өлтүрүлгөн кыздын денесинде ар кандай тактар калган», - деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү катары кармалган жаран алгачкы тергөө учурунда 2 жаштагы кызды төшөккө заара кылгандыгы үчүн сабаганын айткан. Кийинчерээк тергөөчүлөр ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренеси менен кошумча кылмыш ишин козгошкон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×