Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 08.04.2016 12:11

К.Кадыралиев менен анын «оң колу» аталган А.Амановдун ишин караган судья алмашты

Turmush -  Өзгөндүк ишкерди тоноого шектүү Канжар Кадыралиев менен А.Амановдун ишин караган судья алмаштырылды. Буга чейин ал ишти Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова карап жаткан. Бул тууралуу жактоочу Байыш Жоробеков билдирди.

Анын айтымында, кийинки отурум качан өтөрү азырынча белгисиз. А.Аманов менен Канжар Кадыралиевдин иши чогуу каралып жатат.

Окуя тууралуу:

Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнүн жашоочусу, жеке ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсүн 2014-жылдын 31-августунда түн ичинде белгисиз адамдар карактап кеткен. Бул окуяга шектүү катары Канжар Кадыралиевге (КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы) кылмыш иши козголуп, анын «оң колу» катары таанылган Абдисалам Аманов (лакап аты Сашка) 20-январда кармалып, камакка алынган.

Аманов К.Кадыралиев менен чогуу өзгөндүк ишкер С.Келдибаевдин үйүн карактоого катышкан деп шектелип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×