Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 23.03.2016 08:10

Өзгөндө «Хонда-Фиттин» 19 жаштагы айдоочусу бакты сүзүп, унаасы толугу менен күйүп кетти

Turmush -  Өзгөн шаарында «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү автоунаа (мамлекеттик номуру В55-01АТ) жолдо баратып, бакты сүзүп, толугу менен күйүп кетти.

ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн, 23-мартта билдиргендей, 1997-жылы туулган унаанын ээси Амантур Алмазбековду жана жүргүнчүсүн (аты-жөнү такталууда) өрт өчүрүүчүлөр барганча тез жардам кызматкерлери шаардык ооруканага алып кетишкен.

Өрттүн чыгышына жол кырсыгы себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×