Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 19.03.2016 13:06

Өзгөндө объекттерди кайтарбаган кызматкерлерге 93 миң сом эмгек акы мыйзамсыз бөлүнгөнү ачыкталды

Turmush -  ИИМдин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын түштүк аймактагы башкармалыгынын Өзгөндөгү өкүлдөрүнө карата иш козголду.

ИИМдин Ош шаары менен Ош облусундагы башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2015-жылдын ноябрь айынан 2016-жылдын февраль айына чейин иштебеген кызматкерлерди жасалма табелге киргизгендер 93 миң 188 сомдук каражатты ээлеп алган. Мындан тышкары аталган күзөт бөлүмдүн ротасынын командири К.К. кызмат абалынан пайдаланып, кол алдында иштегендерди өзүнүн үйүндө күрүч жыйноого мажбурлаган.

Аталган факты боюнча 2016-жылдын 17-мартында Өзгөн районунун прокуратурасы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-315-305-беренелери менен кылмыш иш козголду. Тергөөлөр уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×