Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 18.03.2016 11:40

Өзүнүн бөлмөсүндө бычакталып өлтүрүлгөн өзгөндүк 17 жаштагы кыздын сүрөтү

Turmush -  Өзгөн районунда 17 жаштагы кыздын өзүнүн бөлмөсүндө түн ичинде бычакталып өлтүрүлүшү боюнча тергөө иштери уланууда. ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, шектүүлөр учурда камакта.

Өлтүрүлгөн кыз

А 7

Окуя тууралуу:

Окуя 7-мартка караган түнү болуп, өлтүрүлгөн кыз менен кылмышкердин бири жакында эле үйлөнгөн кыз — эже-сиңдилердин балдары болуп чыкты. Шектүүлөрдүн экинчиси кызга кол салуу үчүн досуна жардам берген. Шектүү өлтүрүлгөн кыз анын жаңы үйлөнгөн аялынын кыз белгиси жок чыкты деген ушак тараткандыгы үчүн ушундай жолго барганын айткан.

Шектүү

А 1

Кылмышкерге жардам берген досу

А 2

7-март күнү саат 06:05 чамасында Өзгөн РИИБге Дөң-Булак айылындагы үйдөн 18-20 жаштардагы кыздын мууздалган денеси табылгандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ табылган дене Өзгөн районунун жашоочусу Т. кызы М. экендигин аныктаган.

ИИМдин Ош шаары менен Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, ыкчам иликтөөлөр менен бул окуяга шектүү 2 жигит кармалган. Алар Өзгөн шаарынын тургундары — 1994-жылы туулган тургуну Р. уулу А. жана 1992-жылы туулган тургуну М. уулу М.

Тергөө учурунда белгилүү болгондой, ошол күнү саат 02:00дөр чамасында М. уулу М. менен Р. уулу А. кыздын бөлмөсүнө терезе аркылуу кирип өлтүрүшкөн.

Окуя боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×