Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 18.03.2016 10:37

Өзгөндө бөлмөсүндө бычакталган кыз менен шектүүлөр бир улуттун өкүлдөрү, - ИИМдин башкармалыгы

Turmush -  Өзгөн районунда жашаган 17 жаштагы кыздын өзүнүн бөлмөсүндө түн ичинде бычакталып өлтүрүлүшү боюнча социалдык тармактарда туура эмес маалыматтар тарап жатат, деп билдирди ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы. Социалдык тармактарда кызды өзбек улутундагы балдар өлтүрдү деген маалымат талкууга алынган.

Башкармалык белгилегендей, шектүүлөр да, өлтүрүлгөн кыз да бир улуттун өкүлү. Милиция кызматкерлери элди чагымчылдыкка алдырбоого чакырат.

Окуя тууралуу:

Окуя 7-мартка караган түнү болуп, өлтүрүлгөн кыз менен кылмышкердин бири жакында эле үйлөнгөн кыз эже-сиңдилердин балдары болуп чыкты. Шектүүлөрдүн экинчиси кызга кол салуу үчүн досуна жардам берген. Өлтүрүлгөн кыз анын аялынын кыз белгиси жок деген ушак тараткандыгы үчүн ушундай жолго барганы маалымдалган.

7-март күнү саат 06:05 чамасында Өзгөн РИИБге Дөң-Булак айылындагы үйдөн 18-20 жаштардагы кыздын мууздалган денеси табылгандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ табылган дене Өзгөн районунун жашоочусу Т. кызы М. экендигин аныктаган.

ИИМдин Ош шаары менен Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, ыкчам иликтөөлөр менен бул окуяга шектүү 2 жигит кармалды. Алар Өзгөн шаарынын тургундары - 1994-жылы туулган тургуну Р. уулу А. жана 1992-жылы туулган тургуну М. уулу М. болушкан.

Иликтөө учурунда белгилүү болгондой, ошол күнү саат 02:00дөр чамасында М. уулу М. менен Р. уулу А. кыздын бөлмөсүнө терезе аркылуу кирип өлтүрүшкөн.

Окуя боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр Өзгөн РИИБге камакка алынды.

Тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×