Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 17.03.2016 10:18

Өзгөндүн Куршаб айылында жолдон чыккан «Хендай Портердин» айдоочусу үй-бүлөсү менен жаракат алды

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айыл өкмөтүндө унаа жолдон чыккан «Хендай Портер» унаасынын айдоочусу үй-бүлөсү менен жаракат алды.

Бүгүн, 17-мартта ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек–Ош унаа жолунун 623-чакырымындагы жолдон чыккан унаа электр карагайын сүзүп, эшиги ачылбай калган.

Унаанын ичинде айдоочу – 1992-жылы туулган Аскарбек Дүйшөбаев, жубайы – 1991-жылы туулган Назира Ашырбекова, кызы – 2015-жылы тулган Аскарбек кызы Фатима болгон.

Унаанын ичиндегилер жеңил жаракат алып, жолдон өтүп бара жаткан айдоочулардын жардамы менен аймактык ооруканага жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×