Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусуӨзгөн району 11.03.2016 14:44

Өзгөндүн тургуну убагында дарыгерге кайрылбай, өзүндөгү кургак учукту 7 баласына жуктурду, - райондук ден соолук комитетинин жетекчиси

Turmush -  Кечээ, 10-мартта Ош облусунун Өзгөн шаарындагы В.Ленин атындагы орто мектебинде «Кургак учук айыгат» деген темада кереге маек болуп өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Берилген маалыматка ылайык, ага шаардагы кварталдык комитеттердин башчылары, шаардык мэриянын өкүлү, райондук аялдар кеңештеринин төрайымы, Өзгөн райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун өкүлү, мечиттердин имамдары катышты.

Кереге маектин жүрүшүндө райондун спорт жана ден соолук комитетинин жетекчиси Т.Митягина сөз сүйлөп, тегерек столдун негизги максаты — элдин маалыматтуулугун жогорулатуу, ооруну алдын алуу жолдорун жайылтуу экендигин белгиледи.

Ошондой эле ал ушул жылдын алгачкы 2 айында кургак учук менен ооругандардын саны 30%га өскөнүн билдирди.

«2015-жылдын январь, февраль айларында кургак учук илдети менен жалпысынан 58 адам катталса, ушул жылдын алгачкы 2 айында 68 адам катталды. Анын ичинен 10 бейтап кургак учуктун ачык формасы менен ооруйт. Бул сандар кургак учук менен ооругандардын так санын билдирбейт, анткени ооруну алып жүргөн айрым тургундар катталбай жүрөт. Оорунун күчөшүнүн негизги себеби — элде маалыматтын аздыгы, өз убагында дарыгерге кайрылбоо, кайдыгерлик», - деди Т.Митягина.

Кереге маектин жүрүшүндө маалым болгондой, ушул эле жылы районго караштуу Кыргызстан айылынын жашоочусу убагында дарыгерге кайрылбагандыктан 7 баласына кургак учук дартын жуктурган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×