Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 09.03.2016 17:20

17 жаштагы өзгөндүк кызды бөлмөсүндө бычактап өлтүрүүгө шектүүлөрдүн сүрөтү

Turmush -  Өзгөн районунда өзүнүн бөлмөсүндө түн ичинде бычакталып өлтүрүлгөн 17 жаштагы кыз шектүүлөрдүн биринин аялынын тууганы болгон. Бул тууралуу Turmush басылмасына укук коргоо органдары билдирди.

Айрым маалыматтарга ылайык, өлтүрүлгөн кыз менен шектүүнүн аялы бөлө болушат.

Окуя 7-мартка караган түнү болгон. Айрым маалыматтарга ылайык, шектүүлөрдүн бири жакында үйлөнгөн. Өлтүрүлгөн кыз анын аялынын кыз белгиси жок деген ушак тараткандыгы үчүн ушундай жолго барган. Ага жардам берген досу кошо камакка алынды.

Шектүү

А 1

Кылмышкерге жардам берген досу

А 2

Окуя тууралуу:

7-март күнү саат 06:05 чамасында Өзгөн РИИБге Дөң-Булак айылындагы үйдөн 18-20 жаштардагы кыздын мууздалган денеси табылгандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ табылган дене Өзгөн районунун Жашоочусу Т. кызы М. экендигин аныктаган.

ИИМдин Ош шаары менен Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, ыкчам иликтөөлөр менен бул окуяга шектүү 2 жигит кармалды. Алар Өзгөн шаарынын тургундары - 1994-жылы туулган тургуну Р. уулу А. жана 1992-жылы туулган тургуну М. уулу М. болушкан.

Иликтөө учурунда белгилүү болгондой, ошол күнү саат 02:00дөр чамасында М. уулу М. менен Р. уулу А. кыздын бөлмөсүнө терезе аркылуу кирип өлтүрүшкөн.

Окуя боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр камакка алынды.

Тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×