Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 09.03.2016 13:00

Россияда 2 ай мурун жоголгон 14 жаштагы өзгөндүк кыз табылбай жатат (фото)

Turmush -  2016-жылдын 4-январында Россиянын Екатеринбург шаарындагы эжесинин үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон өзгөндүк 14 жаштагы Айганыш Канат кызы азыркыга чейин табылбай жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына кыздын апасы билдирди.

Аны туугандары издөөгө алып, милицияга кайрылганы менен азырынча жыйынтык чыга элек.

Айганыш 12 жашында мектептеги окуусун таштап, апасынын Айзирек аттуу алысыраак тууганы менен Екатеринбург шаарына кеткен. Айганыштын апасы Анара Молдобазарованын айтымында, кызы ур-токмоктон улам качып кетиши мүмкүн.

«Айганыш мындан 2 жыл мурун Россиянын Екатеринбург шаарына кеткен. Айганышты алысыраак сиңдим Айзирек бала каратып, акчасын төлөп берем деп алып кеткен болчу. Бирок алар менин кызымды ур-токмокко алып жүрүптүр. Кызым ошондон улам качып кеткен окшойт. Жоголгондон кийин эле издөө ишин баштаганбыз. Бирок азырга чейин дайыны чыга элек. Кызымды алып кеткен сиңдим издеп жатабыз деп кабар берип жатат. Бирок алар жакшы издебей эле иштеп жүрөт окшойт», - деди А.Молдобазарова.

Дайынсыз жоголду деп изделип жаткан Айганыш 4-январь күнү саат 18:00 чамасында дүкөнгө кирген. Аны дүкөндүн видеокамерасы тасмага тартып калган. Ал ошол бойдон үйгө кайткан эмес.

Айганышка Россияда кыздарын бактырып жүргөн эжеси Айзиректин айтымында, издөө иштери эч кандай жыйынтык бербей жатат.

«Айганыш 4-январь күнү үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген жок. Ал кечиккенден кийин эле издей баштадык. Бирок табылган жок. Милицияга дагы кайрылдык. Азыр социалдык тармактар аркылуу дагы издөө салып жатабыз. Ал эмне себептен улам үйдөн чыгып кеткени түшүнүксүз. Айганыш бул жерде өз үйүндө жүргөндөй жүрчү», - деди Айзирек.

Айганыш 4 бир туугандын улуусу. 1 иниси жана 2 сиңдиси бар. Атасы учурда камакта. Апасы жалгыз бой 4 баласын багып келет.

Айганыштын апасы Анара Молдобазарова кызы жоголгондон бери ооруп калган. «Кызымды ал жакка жөнөтүү ниетим деле жок болчу. Сиңдим келип жалдырап, балдарымды карап турсун дегенде жөнөткөм. Эми минтип кызымды жоготуп, мени азапка салып жатат. Кызым жоголгондон бери кыйналып жүрөм», - деди Айганыштын апасы.

12

11

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×