Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 09.03.2016 11:26

Өзгөндүн тургуну ага аялы кыз эмес турмушка чыккан деген ушак тараткан 17 жаштагы кызды мууздап өлтүрдү

Turmush -  7-март күнү саат 06:05 чамасында Өзгөн РИИБге Дөң-Булак айылындагы үйдөн 18-20 жаштардагы кыздын мууздалган денеси табылгандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ табылган дене Өзгөн районунун Жашоочусу Т. кызы М. экендигин аныктаган.

ИИМдин Ош шаары менен Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, ыкчам иликтөөлөр менен бул окуяга шектүү 2 жигит кармалды. Алар Өзгөн шаарынын тургундары - 1994-жылы туулган тургуну Р. уулу А. жана 1992-жылы туулган тургуну М. уулу М. болушкан.

Айрым маалыматтарга ылайык, шектүүлөрдүн бири жакында үйлөнгөн. Өлтүрүлгөн кыз анын аялынын кыз белгиси жок деген ушак тараткандыгы үчүн ушундай жолго барган.

Иликтөө учурунда белгилүү болгондой, ошол күнү саат 02:00дөр чамасында М. уулу М. менен Р. уулу А. кыздын бөлмөсүнө терезе аркылуу кирип өлтүрүшкөн.

Окуя боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр камакка алынды.

Тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×