Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуӨзгөн району 07.03.2016 08:27

Айыл турмушу: Чоң үй-бүлөсүн жана асырап алган майып уулун жалгыз баккан өзгөндүк уста чырпыктардан түрдүү буюмдарды жасайт (фото, видео)

Turmush -  Өзгөн районунун Чымбай айылынын 56 жаштагы тургуну Абдыкалык Абдулаев 30 жылдан бери талдын чырпыгынан түрдүү буюмдарды жасап, үй-бүлөсүн жана асырап алган майып баласын багат. Ал айылда «колу гүл уста» атка конгон.

Учурда уста бир үйдө 2 кызы, аялы, майып баласы жана 7 небереси менен жашайт. Алардын арасынан 13 жаштагы майып баласын өзгөчө жакшы көрөт. Анткени ал ар дайым жанында болот жана жумуштарына жардам берет.

Аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдиргендей, бул үй-бүлө уулду болбой жүрүп, бала асырап алууну чечкен. Бирок асырап алган уулу майып болуп чыккан. Учурда балага мамлекет тарабынан акчалай жардам берилбейт.

«Майып балам билим алууга өтө кызыгат, бирок алыска өзү баса албагандыгына байланыштуу мектепке бара албайт. "Буттарым качан айыгат?" деп ыйлай берет. Уулума кошулуп апасы экөөбүз кошо ыйлайбыз. Ошондой эле спортко кызыгат. Бирок аны спорт менен машыктырууга шартыбыз жок», - дейт уста.

Уста учурда чырпыктардан ар кандай буюмдарды жасоо менен алектенип жатат.

А.Абдулаев үй-бүлөсү менен

26

«Талдын чырпыктарын айылды аралап сурап алам. Айрым учурда сатып алууга туура келет. Көпчүлүк учурда элдер чырпыктарды акысыз эле берет. Учурда талдын чырпыктарынан себет жасап сатып жатам. Ошондой эле кымыз сактоочу идиш жана башка ар түрдүү буюмдарды жасайм. Айылдаштар өздөрү талдын кабыктарын алып келип, кымыз сактоочу идиш жасатышат.

Жасаган буюмдарды Өзгөн базарына алып чыгып сатып жатам. Чырпыктан жасаган буюмдарды 200-400 сомго чейин баалайм. Мен жасаган буюмдарга кызыккандар Москва, Бишкек шаарларына чейин алып кетишет», - деди Абдыкалык Абдулаев.

Себеттерди, түрдүү буюмдарды жасаган тал чыбыктар кесип алгандан кийин 15 күн көлөкөдө сакталат. Андан көп сакталган чырпыктар пайдаланууга жараксыз болуп калат.

Устанын айтымында, чырпыктар апрель айынын башында катуу болуп, андан буюм жасоого болбойт. Чырпыктар көбүнчө кыш айларында гана иштөөгө жарактуу.

«Үй-бүлөдө шартыбыз оор болгондуктан апрель айынан баштап талаага чыгып, шыпыргы ором. Орулган шыпыргыны кайра сатып өткөрөм», - деп кошумчалады Абдыкалык Абдулаев.

Видео:

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×