Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 26.02.2016 10:55

Өзгөндө 2 жашка толо элек кыздын сабалып өлтүрүлүшүн жаңы дайындалган судьялар ала элек

Turmush -  2015-жылдын 26-октябрында Өзгөн районунун 38 жаштагы тургуну балдызынын 2 жашка толо элек кызын сабап өлтүргөндүгү маалымдалган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынган.

Жабырлануучу тараптын жактоочусу Талант Култаевдин айтымында, ишти жаңы дайындалган судьялардын кимиси карай турганы билине элек.

Мурда маалымдалгандай, 18-февралда КР Жогорку сотунда жергиликтүү сотторго жаңы шайланган судьялардын ант берүү аземи Жогорку соттун судьяларынын катышуусунда өттү.

Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьялары:

- Абдыкахаров Уткирбек Сыдыкалиевич;

- Артыкова Нуржамал Момунжановна;

- Каримбаева Чолпон Маматеминовна;

- Сарыбаев Өмүрбек Рыскулович;

- Шаматов Улан Шайлообекович.

Маалыматтарга ылайык, шектүү учурда Ош шаарындагы абакта кармалууда.

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кыз ооруканада өзүнө келбей каза болгон.

«Өзгөн районунун тургуну М.А. өзүнүн балдызынын кызын башына уруп өлтүргөн. 2 жаштагы Асия ооруканада жандандыруу бөлүмүндө 2 күн жатып каза болгон. Сабалып өлтүрүлгөн кыздын денесинде ар кандай тактар калган», - деп айтылат милициянын маалыматында.

Кылмышка шектүү катары кармалган жаран алгачкы тергөө учурунда 2 жаштагы кызды сийип койгондугу үчүн сабагандыгын айткан. Кийинчерээк тергөөчүлөр КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренеси менен кошумча кылмыш ишин козгошту.

Асия

В 2

Асиянын атасы Медербек

В 1

Шектүү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×