Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 16.02.2016 10:21

Мурда соттолгон жаран шериги менен Өзгөндө баңги зат алып жүргөн жеринен кармалды

Turmush -  Атайын жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында 13-февраль күнү Оштон Бишкек шаарын көздөй бара жаткан 2 жаран Өзгөн районунун аймагынан баңги зат менен кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты.

Кармалган Ш.К. аттуу тургундун жанынан 1 кг 260 грамм гашиш заты, анын Б.А. аттуу шеригинен 11, 2 грамм гашиш алынды. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси менен кылмыш иши козголду.

Алардын бири 1974-жылы туулган Ш.К. мурда 246-берененин негизинде соттолгондугу маалым болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×