Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуӨзгөн району 05.02.2016 10:24

Өзгөндө кичи футболдук мелдеш жыйынтыкталды (фото)

Turmush -  Кечээ, 4-февралда Өзгөн шаарында кварталдык комитеттердин жаштарынын арасында «Спорт — ден соолуктун булагы жана кылмыштуулуктун алдын алуу » деген аталышта 2 күндүк кичи футболдук мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу Өзгөн шаардык мэриясынан билдиришти.

Аталган мелдеш Өзгөн шаардык мэринин жана шаардык кеңештин депутаттарынын демилгеси менен уюштурулган.

Кичи футбол боюнча мелдешке жалпы 14 команда катышты. Натыйжада 1-орунду Таштак кварталынын курама командасы, 2-орунду Өзгөн шаардык оорукананын  тиш дарылоо бөлүмүнүн курама командасы, 3-орунду Калмакия кварталынын курама командасы ээледи. Жеңүүчүлөрдү сыйлоого шаардын мэри Саипжон Пратов катышты. Мелдештин аягында мэр жаштарды ынтымакка чакырды.

IMG-20160205-WA0057

IMG-20160205-WA0058

IMG-20160205-WA0059

IMG-20160205-WA0060

IMG-20160205-WA0061

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×