Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуӨзгөн району 11.01.2016 11:07

Өзгөндө өспүрүмдөрдүн спорт клубунун биринчилиги үчүн грек-рим күрөшү өттү (фото)

Turmush -  Кечээ, 10-январда Өзгөн шаарынын билим берүү бөлүмүнө караштуу балдарды жана өспүрүмдөрдү дене тарбияга даярдоо клубу тарабынан грек-рим күрөшү боюнча аталган клубдун биринчилиги болуп өттү. Бул тууралуу клубдун жетекчиси Азиз Мавлянов билдирди.

Анын айтымында, мелдешке 60 бала катышкан. «Мелдешке жалпы 25 кг салмактан баштап 60 кг салмакка чейин 60га жакын спортчу катышты. Аны 2015-2016-окуу жылдары үчүн бекитилген календардык пландын негизинде уюштурдук.

Мелдеште 1-2-3-орунду ээлеген спортчуларга уюштуруучулар тарабынан диплом жана медалдар тапшырылды», - деди А.Мавлянов.

IMG-20160111-WA0002

IMG-20160111-WA0001

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×