Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 06.01.2016 12:15

Өзгөндө 2 жашка толо элек кыздын өлүмү боюнча камакка алынган шектүүгө кошумча кылмыш иши козголду (фото)

Turmush -  2015-жылдын 26-октябрында Өзгөн районунун 38 жаштагы тургуну балдызынын 2 жашка толо элек кызын сабап өлтүргөндүгү маалымдалган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынган.

Жабырлануучу тараптын жактоочусу Талант Култаевдин айтымында, шектүү милиция тарабынан тергелип бүтүп, сотко өткөн. Бул боюнча 18-декабрда Өзгөн райондук сотунда отурум өткөрүлмөк. Бирок белгисиз себептерден улам шектүү Оштогу абактан 18-декабрдагы отурумга алынып келбей, сот күнү белгисиз мөөнөткө жылган.

«Сот качан болоору азырынча белгисиз. Кылмышка шектүүгө буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси менен кылмыш иши козголгон эле. Тергөөчүлөр кайрадан 111-берене менен кошумча кылмыш ишин козгошту», - деди Т.Култаев.

Маалыматтарга ылайык, шектүү учурда Ош шаарындагы абакта кармалууда.

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кыз ооруканада өзүнө келбей каза болгон.

«Өзгөн районунун тургуну М.А. өзүнүн балдызынын кызын башына уруп өлтүргөн. 2 жаштагы Асия ооруканада жандандыруу бөлүмүндө 2 күн жатып каза болгон. Сабалып өлтүрүлгөн кыздын денесинде ар кандай тактар калган», - деп айтылат милициянын маалыматында.

Кылмышка шектүү катары кармалган жаран алгачкы тергөө учурунда 2 жаштагы кызды сийип койгондугу үчүн сабагандыгын айткан.

Асия

В 2

Асиянын атасы Медербек

В 1

Шектүү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×