Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 30.12.2015 08:30

Өзгөн районунда орус тилинде билим берүүчү мектептин жаңы имараттары пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында Мамат Нурбаев атындагы орус тилинде билим берүүчү мектеп ачылды. Кечээ, 29-декабрда өткөн ачылыш аземге биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары кытышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

М.Нурбаев атындагы мектеп 2 окуу имаратынан турат. Эски имарат авариялык абалга келгендиктен жаңы окуу имаратын куруу зарылчылыгы чыккан.

Жаңы мектептин курулушу 2014-жылдын апрель айында башталып, Түркия грантынын эсебинен каржыланды.

Мектептин ачылышы менен бирге Өзгөн районунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошкон Мамат Нурбаевди эскерүү кечеси өткөрүлдү.

М.Нурбаев 1991-жылы дүйнөдөн кайткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×